- Теги
- Лицензия
-
- Автор музыки
- Азат Раимбердиев
- Автор текста
- Тимур Салиев
- Исполнитель
- Азат Раимбердиев
- Текст
- 1-куп:
Ойгоносуң эртерек,
Көз алдыңда интернет,
Барактап баракчаңды смс келет.
Мен да сага жазылгам,
Жообуң жок күтүп жатсам,
Мен деле кыргыз жигит сага ашыккан.
Припев:
Карагым ай карагым,
Сулуу сулуу жамалың.
Чырагым ай чырагым,
Көңүл буруп койчу сурарым.
Келчи келчи карагым,
Актай кылбай сүйүү барагын.
Күлүп койчу барайын,
жүрөгүңдөн оорун алайын.
2-куп:
Баракчаң менден бийик,
Катталган канча жигит,
Кантсе да ишенип кой сүйүүмдү билип.
Түз эфир кылганыңда,
Билгизбей кызганам да,
Бир күнү алып кетем менин айлыма.
П-в:
Карагым ай карагым,
Сулуу сүйкүм жамалың.
Чырагым ай чырагым,
Көңүл буруп койчу сурарым.
Келчи келчи карагым,
Актай кылбай сүйүү барагын.
Күлүп койчу барайын,
жүрөгүңдөн оорун алайын.
3-куп:
Суктансам сүрөтүңө,
Карагаттай көзүңө,
Жигиттик намыс менен жетем өзүңө.
Сулуу карындашым ай,
Интернет жылдызым ай,
Бактылуу кылам сени жаным жаным ай.