00:00
3:30
- Лицензия
-
- Текст
- Кызгалдак
Сагынып азыркы мезгилди,
Унутпай жаштык кезимди.
Бир сулуу бар эле арнаган,
Балалык сезимдеримди.
Мен эми келсем эр жетип,
Көздөрү башкача сезилип.
Ал кызга бир келген сүйүүдөн,
Калыптырмын кечигип.
П-в:
Кызгалдак эй кызгалдак,
Канча жүрдүк гүл арнап.
Келсек издеп кайрадан,
Өзгөрүптүр андагы ал махабат.
2-куп:
Эңсеген сезимиң бир элес,
Ашыгып келген сен эмес.
Ал кызды мен сүйгөн сезимге,
Ак сүйүүң билсең тең эмес.
Мен келгем бүгүн эр жетип,
А бирок албадым кезигип.
Сагынган махабат жолунан,
Мен да калдым кечигип.